- By admin
- In Жаңылыктар
“Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом” долбоорунун өнөктөштөрү эмоционалдык күйүп кетүү боюнча тренингден өтүштү.
Тренинг Чүй облусундагы чет элдик мейманканалардын биринде өттү. Тренингдин максаты кызматкерлердин, анын ичинде программанын кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жаштар менен иштөөнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү адистердин, ошондой эле долбоорду ишке ашыруучу уюмдардын арасында психикалык чарчоонун жана эмоционалдык стресстин деңгээлин төмөндөтүү болгон.Тренер практик психолог жана эмоционалдык интеллект боюнча машыктыруучу Шералиева Светлана болду.