• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • September

    2

    2022
Жашылча-жемиштерди кургаткычтар тапшырылды

Жашылча-жемиштерди кургаткычтар тапшырылды

Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна жергиликтүү тургундарды колдоо максатында «Азык-түлүк коопсуздугун жана азыктандырууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында жашылча-жемиштерди кургатуу үчүн 25 даана кургаткычтар өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой, быйыл өрүк өстүрүүчүлөр үчүн ийгиликтүү жыл болгон жок. Өрүктүн баасы күтүлгөндөн арзан болуп, түшүмдүн бир бөлүгү жерде калган. Ошондуктан OF Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) муктаж болгон аймактарга мүмкүн болушунча көп жашылча-жемиш кургаткычтарды жеткирип жатат. Кургаткыч жабдуулар үй шартында жашылча-жемиштерди тез жана сапаттуу кургатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары жабдууларды алган жарандарыбыз кургатылган жемиштер боюнча да атайын окуудан өтүштү.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions