• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • December

    15

    2020
ФСДСтин кызматкерлеринин КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен жолугушуусу

ФСДСтин кызматкерлеринин КР эмгек жана социалдык өнүгүү министри менен жолугушуусу

Бүгүн, 15-декабрда “Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) коомдук фондунун кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтобекованын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө инклюзивдик коом боюнча программанын координатору Салтанат Сулайманбекова Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен ФСДСтин ортосунда кол коюлган эки тараптуу кызматташуу меморандумунун алкагында жетишилген натыйжалар тууралуу айтып берди.

КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтобекова, ФСДС коомдук фондунун Инклюзивдик коомунун программалык координатору Салтанат Сулайманбекова жана КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева биргелешкен иштердин пландарын талкуулашты.

Учурда министрлик 2023-жылга чейинки иш планын иштеп жатканын эске алып, жолугушуунун катышуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү жаатындагы биргелешкен милдеттерди талкуулашты. Социалдык өнүктүрүү министри Солтобекова белгилегендей, мындай жолугушуулар уюмдар үчүн маанилүү жана зарыл, анткени дал ушул жерде биргелешкен иш-чараларды талкуулап, ресурстарды бириктирип, биргелешкен долбоорлор боюнча идеяларды сунуштоого болот.

Жыйындын катышуучулары министрликтин үч жылдык иш планын талкуулашууда

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions