• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • February

    12

    2024
FSDS коомдук фонду “Таза азык өндүрүү” конкурсун жарыялайт

FSDS коомдук фонду “Таза азык өндүрүү” конкурсун жарыялайт

Сынак жашылча жана мөмө-жемиш иштеткен чакан фермердик топторго жана  кооперативдерге арналат. Ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн техникалык жабдууларды сатып алууга көмөктөшөбүз.

Сынактын максаты – жашылча жана мөмө-жемишти кайра иштеткен феремерлерди колдоо менен калкты таза азык менен камсыздоо. Ошондой эле, таза азык өндүрүүнү баштаган жаш ишкерлерге дем берүү.

Сынакка ким жана кантип катыша алат?

  1. Кыргызстандын аймагында иш алып барган фермердик топ же кооперативдер;
  2. Бизнес-долбоор жашылча жана мөмө-жемишти өндүрүүгө багытталышы шарт;
  3. Маанилүү жагдай! чакан гранттар акчалай түрдө эмес, керектелген техникалык жабдууну сатып берүү түрүндө болот;
  4. Дагы бир шарт! Конкурстун катышуучусу өздүк салым катары жалпы бизнес-долбоордун 30% каржылоого даяр болушу керек.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 29-февраль 2024-ж., саат 17:00 чейин

Мыкты фермердик топторду биз кантип тандайбыз?

  1. Сунушталган бизнес-план так жана реалдуу жазылышы керек;
  2. Жалпы долбоордун суммасы 150 000 сомдон ашпашы керек;
  3. Жоопкерчиликтүү жана аракетчил мекендештерибиз менен иштешүүгө кызыкдарбыз!

Сынактын жыйынтыктары талкууга алынбайт жана талашка орун берилбейт!

Сынакка катышуу үчүн документтерди жүктөп алуу: 

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions