Ушул жумада Бишкекте Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) тарабынан уюштурулган бизнес-пландоо боюнча тренерлер үчүн тренинг өттү.
Тренингдин катышуучулары «Социалдык аярлуу топтор үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү» долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналат, алар кийинчерээк ушул эле тренингдерди өлкөнүн аймактарында өткөрүшөт. Тренингдин катышуучулары үч күн бою бизнес-пландарды кантип туура түзүү керек, бизнес жүргүзүүдө кандай салыктарды эске алуу керек, бизнес-идеяларын сынап, ишке киргизүүдө кандай критерийлерге кармануу керек, ошондой эле бизнес-пландарды кантип туура түзүү керектиги боюнча баалуу билимдерге