• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • January

    31

    2024
Фандрайзинг боюнча семинар: Социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражат табуу

Фандрайзинг боюнча семинар: Социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражат табуу

Катышуучулар социалдык маанилүү маселелерди чечүүдөгү алдыңкы тажрыйбалар менен таанышышты

2024-жылдын 30-31-январь күндөрү “Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) Коомдук фонду Ош шаарында “Социалдык-экономикалык аярлуу үй чарбаларын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Жергиликтүү деңгээлде өнүгүү үчүн ресурстарды тартуу” аттуу семинар уюштурду. Тренингдин негизги максаты – социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө, ресурстарды жана инвестицияларды тартуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калк арасында кызматташтыкты арттырып, жана  өз ара аракеттенүүсүндө жамааттардын потенциалын жогорулатуу.

Фандрайзинг – бул социалдык маанидеги долбоорлорду колдоого багытталган акча жана башка ресурстарды чогултуу. Башка ресурстарга кызматтар, товарлар, жабдуулар, маалымат жана керектүү адамдардын байланыштары кирет.

Семинар эки күнгө созулуп, анын жүрүшүндө катышуучулар фандрайзинг тармагындагы инновациялык ыкмалар менен таанышып, кеңири билимге ээ болушту. Социалдык маанилүү маселелерди чечүүдөгү алдыңкы тажрыйбалар, ошондой эле жергиликтүү өнүгүү үчүн каражат чогултуунун маанилүүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары, тренингдин практикалык бөлүгүндө аймактык деңгээлдеги жергиликтүү демилгелерди каржылоо булактары жана арыздарды берүү эрежелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Региондорду өнүктүрүү фондунан гранттарды алуу тартиби каралып чыкты.

Тренинг аймактык өнөктөштөрдүн жергиликтүү коомчулук менен кызматташуу жана ресурстарды тартуу жаатындагы билимин жана көндүмдөрүн жогорулатууга жардам берет.

Белгилей кетсек, FSDS Коомдук фонду жергиликтүү өнөктөштөр арасында жергиликтүү бийлик органдары менен натыйжалуу кызматташуу, мониторинг, баалоо жана маалымат чогултуу куралдарын колдонуу, ошондой эле калк менен өз ара аракеттенүү боюнча консультацияларды жана насаатчылыктарды үзгүлтүксүз жүргүзүп турат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions