• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • January

    27

    2024

FSDS командасы кызматкерлер арасында жөө басуу демилгесин көтөрдү

Айына 100 км! Челлендж

Аталган акция кызматкерлерди сергек жашоого үндөөгө жана физикалык жактан активдүү болууга шыктандыруу максатын көздөйт. Эч кимге жашыруун эмес, кеңсе кызматкерлери компьютерде көп убакыт өткөрүшөт, бул ар кандай бел көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн.

#айына100км кампаниясы 10-январда башталган жана туура бир айга – 10-февралга чейин уланат. Баскан кадамдарыңызды саноо үчүн телефонуңузга шагометрди орнотуп алыңыз, телефонду дайыма жаныңызда кармаңыз. Колдонмо автоматтык түрдө күн сайын жасаган кадамдарыңызды жазып турат.

Айына 100 км чекке жетүү үчүн күн сайын кеминде 5000 кадам жасоо керек. Окумуштуулардын айтымында, күн сайын жарым саат басуу маанайыңызды көтөрүп, бир күн бою күч-кубат берип эле тим болбостон, өмүрүңүздү да узартат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions