- 12.02.2024
Use our form to estimate the initial cost of renovation or installation.
REQUEST A QUOTEТренинг Чүй облусундагы чет элдик мейманканалардын биринде өттү. Тренингдин максаты кызматкерлердин, анын ичинде программанын кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жаштар менен иштөөнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү адистердин, ошондой эле долбоорду ишке ашыруучу уюмдардын арасында психикалык чарчоонун жана эмоционалдык стресстин деңгээлин төмөндөтүү болгон.Тренер практик психолог жана эмоционалдык интеллект боюнча машыктыруучу Шералиева Светлана болду.
Кийинки жылы өздөрү эккен жашылчанын сортторунан үрөн даярдап алган Жалал-Абад облусундагы айымдардын ийгиликтери менен бөлүшөбүз.Бул иш-чаралар FSDS коомдук фонду жана СКС Жалал-Абад менен биргеликте ишке ашырылууда.
Ар түрдүү катмардагы майыптыгы бар адамдардын күн сайын ар кандай кыйынчылыктарга туш болушат – жеке, социалдык жана жумуш чөйрөсүндө. Инклюзияны камсыз кылуу майыптыгы бар адамдарга өз потенциалын толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү чыгарылышыбызда эне болуу укугу тууралуу Самарбек кызы Эльвира менен маек. Подкаст “Равенство” коомдук уюму тарабынан Fair & Sustainable Development Solutions – FSDS
Баткен облусунда курман болгондор үчүн Кыргыз Республикасында Улуттук Аза күтүү күнүнө байланыштуу Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) Коомдук фонду Тажикстан чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жапа чеккендердин бардыгына терең кайгыруу менен көңүл айтат.Коллективдин атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Үйлөрүн жана айылдарын таштап кетүүгө аргасыз болгондордун окуяларын байкап, кырдаалды эртерээк жөнгө
Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна жергиликтүү тургундарды колдоо максатында «Азык-түлүк коопсуздугун жана азыктандырууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында жашылча-жемиштерди кургатуу үчүн 25 даана кургаткычтар өткөрүлүп берилди. Маалым болгондой, быйыл өрүк өстүрүүчүлөр үчүн ийгиликтүү жыл болгон жок. Өрүктүн баасы күтүлгөндөн арзан болуп, түшүмдүн бир бөлүгү жерде калган. Ошондуктан OF Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) муктаж болгон