"Fair and Sustainable Development Solutions" Коомдук фонду жана "Жамааттык негиздеги туризм боюнча Кыргыз Ассоциациясы" (КАТОС) «Hospitality Kyrgyzstan» менен бирге Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аркылуу киреше булактарын түзүү боюнча программаны ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында 175 ТОС кызматкери (> 50% аялдар) жана 700дөн ашуун кызмат көрсөтүүчүлөр (> 50% жаштар) окутулат жана колдоого алынат. Натыйжада, даярдалган жана жабдылган жергиликтүү ТОС ассоциациялары жана тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөр Джалал-Абадда өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана санын жогорулатып, долбоордун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн улуттук туроператорлор менен кызматташа алышат.

Долбоордун жыйынтыгында жаңы ТОС ассоциациялары туруктуу туризмди камсыз кылуу үчүн текшерүүдөн өткөн экологиялык жана социалдык ыкмаларды өздөштүрө алышат – атап айтканда, айлана-чөйрөнү азыраак булгоо, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана экологиялык/жоопкерчиликтүү товарларды сатып алуу.