Долбоордун максаты:
Азык-түлүк коопсуздугу, тамактануу жана таза ичүүчү суу маселелерин чечүүгө багытталган Улуттук программаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Долбоордун алкагында ОФ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жакшыртуу боюнча жардам берип, жергиликтүү бийлик органдарына айылдык суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана жакшыртууга көмөктөшөт.

Долбоор ишке киргенден тартып, райондук жана улуттук деңгээлдеги кызыкдар тараптарга азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы мыйзамдарды, стратегияларды жана максаттарды жакшыртуу боюнча техникалык колдоо көрсөтүлдү.

2017-жылдан бери FSDS коомдук фонду мамлекеттик жана жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстан менен Тажикстанда калктын тамактануу сапатын жакшыртуу максатында азык-түлүк коопсуздугу боюнча долбоорду ишке ашырып келет.

Долбоор төмөнкү багыттарга көмөк көрсөтөт:

  • Азык-түлүк өндүрүшүн диверсификациялоо жана кайра иштетүү боюнча аярлуу үй-бүлөлөргө

  • Ичүүчү суу тутумдарын жана кайра иштетүүчү ишканаларды жакшыртуу боюнча райондук бийлик органдарына

  • Улуттук деңгээлдеги кызыкдар тараптарга (министрликтерге, платформаларга) тамактануу жаатындагы стратегиялар менен мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча

Долбоордун негизги өнөктөштөрү:

  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги

  • Райондук администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

  • Суу пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелери

  • Коомдук бирикме “Шоола-Кол”

  • Коомдук фонд “Жалал-Абад айылдык кеңеш берүү кызматы”

  • Коомдук фонд “Эне Мээрими”

Кыргызстан жана Тажикстандагы таза суу менен камсыздоо иштери:

Кыргызстанда болжол менен 1 миллион адам таза ичүүчү сууга жетүүдө кыйынчылыктарга туш болууда. Учурда өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган көптөгөн тургундар сууну арыктардан, дарыялардан, каналдардан, булактардан же ташылып келген сууга муктаж болуп жатышат.

Суу түтүктөрүн жана ичүүчү суу менен камсыздоочу инфраструктураны жакшыртуу максатында, FSDS фонду 2017-жылдан бери Кыргызстан менен Тажикстанда иш жүргүзүп келет.

Долбоордун алкагында 30дан ашык айыл таза ичүүчү сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана ошол эле сандагы айылдарды 2023-жылга чейин камтуу пландалууда. FSDS фонду алыскы айылдардагы суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана өркүндөтүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарына көмөктөшүүнү улантууда.