2012-жылы «Дат Чиркөөсүнүн Жардам Фонду», «ИККО Кооперациясы» жана «ФСДС» коомдук бирикмеси биргелешип «Бара жаткан Борбор Азия» (ББА) программасын ишке киргизишкен.
ББА программасы – бул кеңири өнөктөштөр чөйрөсүнүн демилгеси болуп саналат жана Борбор Азия аймагындагы ички жана тышкы миграция маселесине арналган. Бул теманын мааниси 2000-жылдан бери акырындап өсүп келе жатат жана Кыргызстандын жана Тажикстандын Евразиялык экономикалык шериктештикке (ЕврАзЭС) кирүү ыктымалдыгын эске алуу менен, алдыдагы 5–10 жыл ичинде төрт өлкөнүн көңүл борборунда боло берет.
Программанын негизги укук ээлери жана ошондуктан түз бенефициарлары – бул миграциянын кесепетинен олуттуу жабыркаган, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана саясий укуктар жаатында кеңири түрдө четке кагылган жакыр жамааттар. Программа мигранттар жана алардын келип чыккан жамааттары (мигранттар кетип жаткан жамааттар), ошондой эле алар барган жамааттар (ички жана тышкы мигранттык жамааттар) менен иштөөнү камтыйт, ошол эле учурда өлкөдөгү жана региондогу институционалдык жана саясий аспектилерди эске алат.
Жаңы комментарий кошуу