МЕЙКАТОН TOM: KYRGYZSTAN
Мейкатон — бул 72 сааттык марафон, анда ойлоп табуучулар, иштеп чыгуучулар, инженерлер (мейкерлер) мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеңилдетүүчү шаймандарды ойлоп табышат. Прототиптерди иштеп чыгууда инженерлерге чыныгы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери жардам беришет, жана иштелип чыккан шаймандар Мейкатондун соңунда дал ушул үй-бүлөлөргө белекке берилет.

Кыргызстанда Мейкатонду Fair and Sustainable Development Solutions коомдук фонду өткөрөт жана Кыргыз Республикасында TOM: Global кыймылынын расмий өкүлү болуп саналат.

TOM: BISHKEK 2020
2020-жылы “TOM: BISHKEK 2020” COVID-19 темасына арналган. Үч күндүн ичинде Кыргызстандын аймактарынан келген 4 команда жаш ойлоп табуучулар коронавирус менен күрөшүүгө арналган шаймандарды иштеп чыгып, презентациялашты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, бизнес сектору, дарыгерлер жана уюштуруучулардан турган калыстар тобунун чечими менен Нарын шаарынан келген «ШАНС» командасы жеңүүчү болуп, $1000 байге фондун утуп алышты.

Букарадинов Улукбек жана Алмаз Чомонов өз долбоорун сунуштап жатып, автоматташтырылган санитайзерди ойлоп табуу идеясы пандемия учурунда жаралганын айтышты — ал кезде өлкөгө кошумча жабдуулар абдан керек болчу.

«Биздин идея биринчи орунду алганы үчүн абдан кубанычтабыз. Бул күтүүсүз болду, биз жөн гана идеябызга ишенип, иштөөнү уланта бердик. Бардык катышуучуларга жана Мейкатон сыяктуу маанилүү иш-чараны өткөргөн уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маанилүү маселелерди көтөрөт. Рахмат!» — деди Букарадинов Улукбек.

НАТЫЙЖАЛАР
1-орун: «ШАНС» (Нарын) — автоматташтырылган санитайзер
2-орун: «КОМПАС» (Нарын) — балдардын температурасын текшерүү жана колду дезинфекциялоо үчүн робот-дарыгер
3-орун: «MAKER SPACE» (Бишкек) — эшиктин туткаларын дезинфекциялоочу автоматташтырылган шайман
4-орун: «CARING IS SHARING» (Токмок) — бөлмөлөрдүн аба чөйрөсүн дезинфекциялоочу бактерициддик рециркулятор