Айпери өз үй-бүлөсү менен Кочкор районунун Комсомол айылында жашайт. Азыркы учурда ал ишкердик менен алектенет.

«Мен тигүү өнөрүнө көптөн бери кызыгып келем, мурда үйгө чакан заказдар алып, кийин көп болуп кеткенде жолдошум экөөбүз үйдө өз цехибизди ачууга чечим кабыл алдык. Бул ОФ FSDSдин колдоосу менен мүмкүн болду. Азыркы учурда бизде 50дөн ашык кызматкер иштейт», — дейт А. Муратбекова.

Айпери ОФ FSDSдин «Кыргызстан жана Тажикстандагы уязвимдуу топтор үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоорунун катышуучусу. Программа ишке ашырылып жатканда ал бизнес алып баруунун негиздери, маркетинг жана каржылык туруктуулуктун инструменттери боюнча окутууну өттү.

Программанын жыйынтыгында Айпериге тигүү цехин ачуу боюнча өз долбоорун иштеп чыгып, 6 кошумча тигүү машинасын сатып алууга грант утту.