Кечээ, 2022-жылдын 16-ноябрында, Бишкек шаарында Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду “Кыргызстан жана Тажикстандагы аярлуу топтордун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү.

Форумдун программасына негизги баяндамалар жана долбоордун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түздөн-түз пайда көргөн адамдардын шыктандыруучу жеке тарыхтары кирди. Алар жаштар жана аялдарды алыскы аймактарда колдоо, жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык активисттердин кызматташуусун бекемдөө жана бизнес-стартаптарды колдоо сыяктуу тармактарды камтыды.

Форумга долбоордун бенефициарлары жана өнөктөштөрү, эксперттер жана жаштарды өнүктүрүү тармагында иштеген эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошкондо 70 адам катышты.

Форумдун биринчи жарымында катышуучулар үч жылдык программанынын жыйынтыктары менен таанышып, жаштардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн келечекте иш алып баруу багыттарын аныкташты.