27-мартта Иссык-Куль облусунун Санташ айылдык аймакындагы Байзак айылында "Fair and Sustainable Development Solutions" (FSDS) коомдук фонду кары-картаңдар үчүн жаңы борборду ачууга катышты.
Борбордун ачылыш аземинде Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан музыкалык аспаптарды, жумшак жана офис мебельдерин, телевизор, компьютер жана принтерди, посуданы жана дары-дармектерди тапшырды.
Борбор жыл бою иштейт жана Эмгек министрлигинин, Тюп районунун акимчилигинин, «Кеменгер» коомдук фондунун, «Байзак» жаштар союзу жана FSDS фондунун колдоосу менен кары-картаңдар үчүн эс алуу шарттарын түзүү максатында ачылган.
Жаңы комментарий кошуу