30-31-январь 2024-жылы Ош шаарында «Жергиликтүү өнүгүү үчүн ресурстарды тартуу» темасында семинар болуп өттү. Иш-чараны «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фонду «Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аялуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун алкагында уюштурду. Семинардын негизги максаты — жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бийлик органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн ресурстарды жана инвестицияларды тартуу жөндөмүн жогорулатуу.
Фандрайзинг — бул социалдык маанидеги долбоорлорду колдоо үчүн акча жана башка ресурстарды чогултуу процесси. Башка ресурстар дегенде кызмат көрсөтүүлөр, товарлар, жабдуулар, маалыматтар жана керектүү байланыштар түшүнүлөт.
Эки күндүк семинар учурунда катышуучулар фандрайзинг жана инновациялык ыкмалар боюнча кеңири билим алышты, социалдык маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты тажрыйбаларын үйрөнүштү жана жергиликтүү өнүгүү үчүн фандрайзингдин маанилүүлүгүн түшүнүштү. Мындан тышкары, практикалык бөлүктө региондук деңгээлдеги жергиликтүү демилгелерди каржылоо булактары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Региондорду өнүктүрүү фондунан грант алуу эрежелери каралды.
Бул тренинг жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара аракеттенүү жана ресурстарды тартуу боюнча регионалдык өнөктөштөрдүн билим жана көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган.
Белгилей кетсек, FSDS коомдук фонду жергиликтүү жамааттардын бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, мониторинг, баалоо жана маалымат чогултуу инструменттерин колдонуу жана калк менен иштөө боюнча үзгүлтүксүз консультацияларды жана менторлукту өткөрүп келет.
Жаңы комментарий кошуу