Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жергиликтүү тургундарды колдоо максатында «Дени сак тамактануу үчүн жергиликтүү азык-түлүк системасын колдоо» долбоорунун алкагында 25 даана мөмө-жемиш жана жашылча кургаткычтар берилди.
Белгилүү болгондой, быйылкы жыл өрүк өндүрүүчүлөр үчүн ийгиликтүү болгон жок. Өрүктүн баасы күтүлгөндөн төмөн болуп, түшүмдүн бир бөлүгү талаада калып кеткен. Ушуга байланыштуу Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду муктаж болгон аймактарга мөмө-жемиш жана жашылча кургаткыч жабдууларды көбүрөөк жеткирүүдө.
Кургаткычтар мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды үй шартында тез жана сапаттуу кургатууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жабдууларды алган жарандар атайын мөмө-жемиш кургатуу боюнча окутуудан да өтүштү.
Жаңы комментарий кошуу