25–27-ноябрь күндөрү өлкөнүн аймактарында #ТеңКыргызстан акциясы өттү — коомдук чөйрөнүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн мониторинг жүргүзүү.

Бул демилге «Майып адамдардын укуктарын коргоо комитети» тарабынан көтөрүлүп, «Жанырык» улуттук тармагынын мүчөлөрү ишке ашырып жаткан «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү коом» долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоорду «Кол кармаш» коомдук бирикмеси FSDS (Fair & Sustainable Development Solutions) уюмунун колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир аймакта ондогон имараттар текшерилип, акциянын катышуучулары көпчүлүк мекемелер майыптыгы бар адамдар үчүн пайдаланууга ылайык келбей турганын аныкташты. Жөнөкөй эле пандустардын ыңгайсыздыгы же сокурлар үчүн тактилдик жолдордун жоктугу адамдарды имараттарга кире албай калуусуна себеп болууда.

Бирок бул акциянын жыйынтыгында көптөгөн мамлекеттик, медициналык жана билим берүү мекемелери берилген сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алып, жеткиликтүүлүктү жакшыртуу багытында чара көрүүдө. Бул болсо келечекте жеткиликтүү жана тең укуктуу Кыргызстанда жашайбыз деген үмүт берет.