«Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фонду жана «Кыргызстанда жана Өзбекстанда аярлуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун өнөктөштөрүнүн Координациялык жолугушуусунда Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 25 бизнес-долбоорду колдоо тууралуу жарыяланды. Ошондой эле 200дөн ашуун адам ишкердикти өнүктүрүү жана социалдык маанилүү долбоорлор боюнча тренингдерден өттү. Бул жетишкендиктер FSDS жана анын өнөктөштөрүнүн эффективдүү кызматташуусунун жыйынтыгы болду.

Долбоор Нарын, Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 12 муниципалитетинде жана Бишкек шаарындагы 5 конушта активдүү ишке ашырылып жатат. Ал жумушсуз жаштар, туруксуз кирешеси бар жаштар, кайтып келген жаш мигранттар, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар жана жаш кыздар сыяктуу аярлуу топтор менен иштөөгө багытталган. Негизги багыттардын бири — бизнес-пландоону жана ишкердикти үйрөтүү жана ийгиликтүү бизнес-пландарды каржылоо.

Катышуучулар жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жана социалдык маселелерди биргелешип чечүү көндүмдөрүн да үйрөнүшүүдө. Координациялык жолугушууда бир жыл ичинде жетишилген негизги жыйынтыктар, анын ичинде 200дөн ашык адам үчүн өткөрүлгөн тренингдер жана семинарлар, айыл өкмөттөр менен ийгиликтүү кызматташтык жана 25 бизнес-долбоорду каржылоо маселелери талкууланды. FSDSтин аткаруучу директору Муратбек Исмаилов долбоордун жыйынтыктарына канааттангандыгын билдирип, бул долбоордун аймактардагы жана Бишкек шаарындагы аярлуу үй-бүлөлөр үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Долбоор ошондой эле Өзбекстандын Анжиян облусундагы 6 айылда ишке ашырылып жатат. Ал жактагы жашоочулар да ишкердикти өнүктүрүүгө кызыгуу көрсөтүүдө. Долбоордун жетекчиси Жаныбек Пакыров өзбек кесиптештердин катышуусу чакан ишкердикти өнүктүрүү боюнча тажрыйба жана жетишкендиктер менен алмашууга өбөлгө болгонун баса белгиледи. Ысык-Көл облусундагы социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун ийгиликтүү мисалдарынын презентациясы пландалууда.

Координациялык жолугушууда катышуучулар жетишкен жыйынтыктарын жана ийгилик тарыхтарын бөлүшүшүп, быйылкы жыл үчүн пландарды талкуулашты.

Эске салсак, 2023-жылдын январь айында «Кыргызстанда жана Өзбекстанда аярлуу үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоору башталган. Аны «Fair and Sustainable Development Solutions» коомдук фонду ишке ашырууда. Долбоордун максаты — эки өлкөнүн максаттуу аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жашоо шарттарын жана социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу.