Fair & Sustainable Development Solutions коомдук фонду Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы айылдарда ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын курууга жана калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүп келет.
Бул жардам FSDS КФсынын “Саламат тамактануу үчүн жергиликтүү азык-түлүк системасын колдоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Бүгүнкү күндө жалпы Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 20 айылында оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жакын арада 5000ге жакын үй-бүлө коопсуз жана таза ичүүчү сууга жетет.
Бардык объекттер КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамкурулуштун таза суу департаменти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте тандалып алынган. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар да скважиналарды оңдоо жана суу тутумдарын жакшыртуу иштерине активдүү катышууда.
Жаңы комментарий кошуу