18-ноябрда Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Инновациялык борборунун имаратында “Мейкатон Кыргызстан – Жарат жана дүйнөнү жакшыраак кыл!” аттуу иш-чаранын жыйынтыктоочу этабы өттү.

🎯 Долбоонун максаты — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеңилдетүүгө жана жакшыртууга багытталган, колдонууга ыңгайлуу, жасоого жеңил жана баасы жеткиликтүү прототиптерди иштеп чыгуу үчүн инновациялык аянтча түзүү болду.

🔥 Жалпы 9 команда Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан катышты. 72 сааттын ичинде жаш инженерлер, иштеп чыгуучулар жана дизайнерлер инновациялык шаймандарды иштеп чыгып, алардын прототиптерин калыстар тобуна сунушташты.

Ар бир долбоо өзүнчө уникалдуу болду. Катышуучулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жакшырта турган пайдалуу жана жеткиликтүү продуктуларды түзүүгө аракет кылышты.

🏆 Долбоонун жеңүүчүсү Ош шаарынан келген «3222» командасы болду. Алар угуусу жана көрүүсү начар адамдар үчүн “Ишарат котормочу” онлайн-тиркемесин иштеп чыгышты. Команда 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сертификат алды.

🏆 Экинчи орунду Бишкектен келген «Чебурек» командасы ээледи жана 600 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушту. Алар эки долбоону сунушташты: Брайль жазууларын өндүрүү технологиясы жана угуу-сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн акылдуу үй системасы. Бул прототиптин артыкчылыгы — баасынын жеткиликтүүлүгү жана тез жеткирилүүсү болду.

🏆 Үчүнчү орунду Бишкектен келген «Maker Space» командасы ээлеп, 400 АКШ долларлык сыйлыкка ээ болду. Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген борборлор үчүн жеткиликтүү мобилдик тиркеме иштеп чыгышты.

Калган 6 командага долбоонун өнөктөштөрү тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

👨🏻‍🏫 Калыстар тобуна жеңүүчүлөрдү тандоо оор болду, анткени ар бир долбоо жогорку деңгээлде сунушталды жана уюштуруучулардын, өнөктөштөрдүн жана коноктордун күтүүсүнөн ашып түштү.

✅ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду Инновациялык борборго иш-чараны биргелешип уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирет. Белгилей кетсек, FSDS Мейкатон иш-чарасын Кыргызстанда үчүнчү жыл катары менен өткөрүүдө.