2023-жылдын 23-январында FSDS коомдук фондунун адистери алыскы аймактардын тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча программасынын алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы айылдарды кыдырышты.

Мурунтан бул аймактардын тургундары жаңы айылдарды тандоо конкурсуна катышып, алардын суу менен камсыздоо системасын жаңылоого кызыгуусун билдиришкен. Долбоордун адистери бул аймактарды кыдырып, маселени түшүнүү, долбоордук документтердин даярдыгын жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызыкчылыктарын баалоо боюнча баа берилишти.

Тандалып алынган айылдардын жыйынтыктары февраль айынын башында жарыяланат.