Май айында Жалал-Абад облусунда сел жүрүп, анын натыйжасында Сузак районуна караштуу Сузак, Барпы жана Атабеков айылдарындагы ондогон үйлөр жана айылдар суунун астында калды.
Адамдар кыйын абалга туш болушту — турак жайлар жабыркап, түшүм толугу менен жоголду, жашоочулардын жеке мүлктөрү жана үй техникасы жок болду. Бизге “Жалал-Абаддын айылдык консультациялык кызматы” гуманитардык жардамды чогултуу боюнча жардам сурап кайрылды.
“Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) коомдук фонду биринчи керектүү азык-түлүктөрдүн топтомдорун сатып алып, аларды жеткирип берди:
— Эти азыктары
— Коюрулган май
— Шекер, күрүч, нохот, гречка, фасоль жана перловка
— Картошка, пияз, сабиз
— Үй чарбасы үчүн жуугуч каражаттар (сабын, жуугуч порошок, суюктуктар жана башкалар)
Жардам алган бардык үй-бүлөлөр FSDS коомдук фондунун “Айыл калкына азык-түлүк коопсуздугу” долбоорунун бенефициарлары болуп, эки жылдан бери долбоорду ишке ашырууга активдүү катышып келишет.
Жаңы комментарий кошуу