• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • January

    22

    2024
Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында 25 бизнес-долбоор каржыланды

Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында 25 бизнес-долбоор каржыланды

“Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS – Туруктуу өнүгүүнүн чечимдери) коомдук фондунун жана “Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аярлуу үй-чарбаларды социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү” долбоорунун өнөктөштөрү катышкан Координациялык жыйынында “Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 25 бизнес-долбоор каржыланганы белгилүү болду. Мындан тышкары, ишкердикти өнүктүрүү жана социалдык маанидеги долбоорлор багыттары боюнча 200дөн ашуун адам окуудан өттү. Мындай жетишкендиктер FSDS коомдук фонду жана анын өнөктөштөрүнүн биргелешкен эффективдүү кызматташуусунун натыйжасында жетишилди.

Долбоор Нарын, Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 12 муниципалитетинде, ошондой эле Бишкек шаарынын 5 конушунда ишке ашырылууда. Ага аярлуу топтордун өкүлдөрү кирет, алар туруктуу эмес кирешеси бар жумушсуз жаштар, кайтып келген жаш мигранттар, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар жана жаш аялдар болуп саналат. Приоритеттүү багыттардын бири бизнести пландаштыруу жана ишкердиктин негиздерин окутуу менен бирге, ийгиликтүү бизнес-пландарды каржылоо болуп саналат.

Аймактардын жашоочулары жергиликтүү башкаруу органдары менен кызматташып, курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун биргелешип издөөдө. Өнөктөштөр катышкан Координациялык жыйында долбоордун жылдык ишмердүүлүгүнүн негизги жетишкендиктери талкууланды, анын катарында 200дөн ашуун адамга окутуулар уюштурулуп, айыл окмоттор менен ийгиликтүү кызматташкан тажрыйбалар бар, ошондой эле 25 бизнес-долбоор каржыланган. FSDS коомдук фондунун Аткаруучу директору Муратбек Исмаилов долбоорлордун жыйынтыктарына канааттандыраарлык баасын берип, аймактарда жана Бишкектеги аярлуу үй-бүлөрлөр үчүн аталган долбоордун маанисин баса белгиледи.

Долбоорго Өзбекстандын Анжиян облусунун 6 айылы катышууда. Маалыматка ылайык, ишкерликти өнүктүрүүгө коңшу өлкөнүн тургундары көбүрөөк кызыкдар. Долбоордун жетекчиси Жаныбек Пакыров белгилегендей, өзбек кесиптештердин катышуусу чакан ишкерчиликти өнүктүрүү тармагында жетишкендиктер менен тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү. Ысык-Көл облусунун айылдарында ишке ашырылган социалдык маанидеги долбоорлор боюнча ийгиликтүү кейстерди көрсөтүү пландалган.

Өнөктөштөр менен өткөн Координациялык кеңешмеде катышуучулар жетишилген жыйынтыктар жана ийгиликтүү окуялар менен бөлүшүп, быйылкы жылы аткарыла турган милдеттерди талкуулашты.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын январь айында  “Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS – Туруктуу өнүгүүнүн чечимдери) коомдук фонду “Кыргызстандын жана Өзбекстандын аярлуу үй-чарбаларын социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууну баштаган. Долбоор Кыргызстандын жана Өзбекстандын максаттуу аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана алардын жамааттарынын деңгээлинде социалдык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions