2022-жылдын 16-22-декабрь күндөрү Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду USAID менен биргеликте Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан “Ичүүчү сууну башкаруу боюнча жамааттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” жаңы долбоорунун алкагында Кыргызстандын үч облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууга Ош жана Ысык-Көл облустарынын суу пайдалануучуларынын мүчөлөрү катышып, айыл жергесиндеги суу менен камсыздоо секторун өнүктүрүү маселелери, айрыкча, бирдиктүү биллинг системасын киргизүү боюнча талкуу жүргүзүштү.
Бул суу менен камсыздоону башкаруу системасы сууну керектөө боюнча маалыматтарды сактоого, көзөмөлдөөгө жана талдоого мүмкүндүк берет, ошондой эле суу ресурстарын, суу түтүк системасын жана акыркы керектөөчүлөр системасын мониторинг кылууга шарт түзөт. Система квартплата эсептөөлөрүн көрүүгө, коммуналдык төлөмдөрдү көзөмөлдөөгө жана эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн каттоого мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы комментарий кошуу