Түңкү айылында жашаган 18 жаштагы Айжанат Аскерева жана 16 жаштагы Айжанар Иманкожоева В.Кайкин атындагы орто мектептин парламентинин мүчөлөрү болуп таанышкан. Азыр Айжанар 10-класста окуйт, ал эми анын досу Айжанат — К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 1-курс студенти.
Эки кыздын айтымында, алар айыл тургундарына чет тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн идея ишке ашыргысы келишкен. «Биздин мектепте президенттик институт жана парламент институту болгон. Айжанар менен ошол жерде таанышып, дос болуп калдык. 2020-жылдын мартында Каракол шаарында билим алганбыз. Андан соң COVID-19 пандемиясы башталып, онлайн окууга өттүк. Өткөн жылы мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайына тапшырып, бирок байланыштабыз. Биз жаш активисттер катары биздин идеябызды ишке ашырууну чечтик», — дейт Аскерева.
2020-жылдын кышында Айжанат жана Айжанар ОФ FSDSтин кыска мөөнөттүү бизнес-тренингдерине катышып, долбоор даярдашты. Долбоор фонддун комиссиясы тарабынан жактырылып, кыздар англис тилин үйрөнүү борборун ачышты. Мындан тышкары, борбордо Жалпы республика боюнча тестке даярдык курстары да бар.
«Англис тилин жакшыртууну максат кылып, Айжанар менен Түңкүдөн Караколго барчу болдук. Ар дайым барууга туура келди, ал эми жолго көп каражат кетээрин түшүндүк. Андан тышкары, Түңкүдө чет тилдерди үйрөнүүчү борбор жок болчу. Ошентип, борбор ачуу идеясын ойлонуп калдык. Өткөн жылы ноябрь айында 10 күндүк тренингге катышып, адистердин колдоосу менен долбоорлорду туура жазуу жолдорун үйрөндүк. Ал маалда биз эң жаш катышуучулар болчубуз. Айрымдар биздин ийгилигибизге ишенбестен, жөн гана убакытты текке кетирип жатабыз деп айтышкан. 2021-жылдын февраль айында долбоорубуз жактырылып, апрелден баштап окуучуларды кабыл ала баштадык. Окууларды мектептин мугалими өткөрүүдө. Айжанар экөөбүз тажрыйба топтоо максатында жумасына бир жолу борбордун окуучулары үчүн интерактив өткөрүп жатабыз. Азыркы учурда 70 тургун күн сайын 1 сааттан англис тилин үйрөнүшүүдө», — деди Иманкожоева.
Айжанар үй-бүлөдөгү эң улук бала, анын эки кичүү сестрасы жана бир кичүү агасы бар. Мектепти бүтүп, АКШ же Германиядагы окуу жайларына тапшырууну пландап жатат. Айжанат ИГУнун бүтүрүүчүсү болуп, айылына кайтып келип, окуу борборунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөп жатат. Анын үй-бүлөсүндө төрт бала бар.
Жаңы комментарий кошуу