Сагынбек кызы Бактыгул — активистка Бакыян айылынан, Талас облусунан. Кичинекей балдарынын эне болуусуна карабастан, ал өзүнөн-өзү өнүгүүдө, билим алууда жана ОФ “Гражданское участие” тарабынан ОФ FSDS колдоосу менен уюштурулган тренингдерге активдүү катышууда. Бактыгул көп жылдар бою айылдык мектепте кыргыз тили мугалими болуп иштеген, ал эми кызы төрөлгөндө декреттик өргүүгө чыккан. Эки жылдан соң кайрадан мектепке ишке кайтып келсе, мектепте класстардын жана мугалимдердин санын кыскартуу жүргүзүлгөнүн билип, жумушунан айрылган. Ошондо Бактыгул мектептеги билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин жана көптөгөн ата-энелердин балдарын кошумча сабактарга берүүгө муктаж экенин түшүнүп, кошумча билим берүү курсун ачуу идеясына келген.
ОФ “Гражданское участие” тарабынан ОФ FSDS колдоосу менен ишке ашкан “Жаштардын жана аялдардын социалдык-экономикалык өнүгүүдө ролун күчөтүү” долбоорунун алкагында Бактыгул пайдалуу билим алып, мектеп окуучулары үчүн Бакыян айыл аймагында билим берүү борборун ачуу үчүн бизнес долбоорду иштеп чыкты. Долбоордун натыйжасында Бактыгул кошумча билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жана жалпы республикалык тестке даярдык боюнча мектеп окуучуларына жардам көрсөтүүнү максат кылды. Долбоордун натыйжасында, эффективдүү ментордук колдоо көрсөткөндүкдөн, Бактыгул “Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү фондунан” жана “Мастерская счастья” уюмдарынан шериктештик түзүп, билим берүү борбору үчүн эмеректерди, компьютер, принтер, такта жана башка жабдууларды сатып алуу үчүн каржылык колдоо алды. Мындан тышкары, Бакыян айыл аймагынын башчысы айыл маданият үйүндө Билим берүү борбору үчүн бөлмө бөлүп берди. Бүгүнкү күндө борбор толугу менен иштеп жатат.
Жаңы комментарий кошуу