Кыргызстанда бир миллионго жакын адам таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк менен көйгөйлөргө дуушар болгон. Азыркы учурда өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган көптөгөн тургундар арык, дарыя, канал, чыганактардан суу ичишет, ошондой эле ташып келинген суу колдонушат. Суу чыгаруучу жана ичүүчү сууну камсыздоо инфраструктурасын жакшыртуу үчүн ОФ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) 2017-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барууда.
Долбоордун натыйжасында Кыргызстанда 20дан ашык айыл таза ичүүчү сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ошондой айылдардын бири — Иссык-Көл облусундагы Оргочор айылы, анда 300дөн ашык адам таза ичүүчү суу менен камсыз болду.
Жаңы комментарий кошуу