Өткөн жыл коомубуз үчүн кыйын жылдардын бири болду. Коронавируска кошумча, саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр да болду. Бирок ошого карабастан, ОФ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) өз ишин улантып, Кыргызстанда жана анын чегинен тышкаркы аймактарда адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган иштерди жүргүздү. Биз 2020-жыл ичинде жасалган иш-чаралар боюнча чакан видео-подборка даярдадык.

  1. ОФ FSDS 70 бизнес-пландар боюнча тренер-консультанттарды даярдады, алардын 25и Кыргызстанда, 45и Тажикстанда.

  2. 800дөн ашык уязвимдүү топтордун өкүлдөрү Кыргызстан жана Тажикстанда ишкердик жөндөмдөрүн, кесиптик билим берүү жана лидерлик көндүмдөрүн жакшыртышты.

  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19га каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү максатында ОФ FSDS 110 уязвимдүү үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү жана Кыргызстандагы аймактык ооруканаларга кислород концентраторлорун жөнөттү.

  4. ОФ FSDS балдар жана чоңдор үчүн туура жана тең салмактуу тамактануунун маанисин түшүндүргөн видеоматериалдар жана кыска метраждуу тасма даярдады.

  5. 2020-жылы FSDS Кыргызстан жана Тажикстанда миграцияга кабылган жаштар жана аялдар үчүн 50дөн ашык билим берүү иш-чараларын өткөрдү.

  6. 90дан ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери FSDSнын семинарларында билим алышты. 26 ата-эне өздөрүнүн үй-бүлөлүк кирешесин көбөйтүү боюнча бизнес долбоорлорун сунушташты, алардын тогузу бүгүнкү күндө ийгиликтүү иш алып барууда: печенье даярдоо, тигүү, сүт азыктарын иштеп чыгуу жана башка тармактарда.

  7. Кыргызстан боюнча 70тен ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ОФ FSDS тарабынан атайын коляскалар, балдактар, жабдуулар жана башка техникалык жардам менен камсыз болушту.

  8. 2020-жылдагы МЕЙКАТОНга 4 жаш ойлоп табуучулардын командасы коронавируска каршы күрөшүү үчүн өз идеяларын сунушташты.

  9. Джалал-Абад облусунда айылдык туризмди өнүктүрүү максатында ОФ FSDS «Хоспиталити Кыргызстан» менен бирге жергиликтүү туризм ассоциацияларына жабдууларды өткөрүп беришти.

  10. ОФ FSDS жана жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен аракеттери менен Нарын, Иссык-Куль жана Джалал-Абад облустарындагы 19 айылдагы 41 756 адам таза ичүүчү суу менен камсыз болушту.