Бул акция кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоого жана аларды физикалык активдүүлүккө шыктандырууга багытталган. Белгилүү болгондой, кеңсе кызматкерлери көп убакытты компьютер алдында өткөрүшөт, бул болсо бел омурткасынын ар кандай көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн.
#100кмайына кампаниясы 10-январда башталып, так бир ай — 10-февралга чейин уланат. Өз жетишкендиктериңизди көзөмөлдөө үчүн телефонуңузга кадам эсептегич орнотуп, аны дайыма өзүңүз менен алып жүрүү жетиштүү. Тиркеме күн сайын басылган кадамдарды автоматтык түрдө каттап турат.
Айына 100 км норманы аткаруу үчүн күн сайын кеминде 5000 кадам басуу зарыл. Окумуштуулардын пикири боюнча, күн сайын жарым сааттык сейилдөө маанайды көтөрүп, күн бою сергек болууга жардам берет жана өмүрдү узартат.
Жаңы комментарий кошуу