Талас облусунун Кара-Бурин районунда ОФ FSDS тарабынан ишке ашырылып жаткан «Социально-экономическое развитие для уязвимых групп в Кыргызстане и Таджикистане» долбоору алкагында сулуулук салону ачылды.
Муратова Арууке #BusinessStartUp акселерациялык программасынын катышуучусу болуп, ал Бизнес Ассоциациясы JIA менен биргеликте ишкердик боюнча окуудан өттү. Окуудан кийин өзүнүн бизнес идеясы боюнча долбоорду иштеп чыгып, техникалык жабдууларга грант алды.
Бүгүнкү күндө Арууке жана анын өнөктөштөрү салонду ачып, биринчи кардарларын кабыл алууда. Анын айтымында, окууда алган көндүмдөрү бизнесин туура жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясы менен жүргүзүүгө жардам берип жатат.
Жаңы комментарий кошуу