Саламаттуу жана тең салмактуу тамактануу үчүн туура тандоо жасоо зарыл, бирок көп учурда биздин тандоолорубуз туура тамактануу менен байланышкан факторлорго негизделбейт: бул азык-түлүктүн болушу, баасы; даамы жана көрүнүшү; жеке каалоолор жана адаттар, ошондой эле салттар жана традициялар. #COVID19 пандемиясынын башталуусу менен туура тамактануу тууралуу сөз көбөйдү.
Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) фонду Алтынбек аттуу айылдан чыккан, ден-соолукка пайдалуу жана толук тамактануунун маанисин түшүнүп, мектеп окуучусу кезинде өзүнүн үй-бүлөсүнүн рационун өзгөртүүгө жетишкен баланын тарыхы тууралуу тасма даярдады. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден-соолугун жакшырта алды.
Жаңы комментарий кошуу