Окутуу Чүй облусундагы эс алуу мейманканасында өткөрүлдү. Тренингдин максаты — психикалык чарчоону жана эмоционалдык чыңалууну азайтуу болгон. Катышуучулар — программалык кызматкерлер, социалдык кызматкерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жаштар менен иштеген адистер, ошондой эле долбоорду ишке ашырган уюмдардын өкүлдөрү болду.

Тренер катары эмоционалдык интеллект боюнча коуч жана тажрыйбалуу психолог Шералиева Светлана иш алып барды. Семинар учурунда йога, дене көнүгүүлөрү, ассоциациялык карталар, арт-терапия жана башка методдор колдонулду.

Иш-чара «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү коом» долбоорунун алкагында Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду тарабынан уюштурулду.