Бул иш-чарага Эрте аныктоо жана аралашуу улуттук тармагынын катышуучулары чогулду, ал жерде эл аралык машыктыруучу Анна Кукуруза жетектеген раннее вмешательство темалары боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
✅ Семинардин биринчи күнү иштөө парадигмасын өзгөртүүгө арналган. Катышуучулар эрте өнүктүрүүнүн илимий негиздери, нейропластика жана ата-эне баланын мамилелеринин мааниси жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
✅ Экинчи күн ата-энелерди тартуунун феноменине жана алар менен иштөө негизги стратегияларына багытталган. Эрте аралашууда социалдык колдоо маанилүү аспект катары каралат.
✅ Үчүнчү күн индивидуалдуу үй-бүлөлүк эрте аралашуу планынын иштеп чыгууга, максаттарды коюуга жана аларды ийгиликтүү ишке ашырууга арналган.
FSDS көп жылдардан бери өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоп келет. Семинарга жана долбоордун өнөктөштөрүнө инклюзивдүү коомду түзүүгө жасаган баалуу салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Жаңы комментарий кошуу