30-октябрда Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду жана Кыргыз Жамааттык Туризм Ассоциациясы (KCBTA) Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча 2 жылдык биргелешкен долбоорду ишке ашыруу тууралуу келишимге кол коюшту.

Бул долбоор GIZдин “Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” программасы тарабынан Европалык Союз жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) менен биргеликте каржыланууда.

KCBTA жана FSDS биргелешип, Жалал-Абад облусунун 7 пилоттук жамаатында туристтик продуктыларды диверсификациялоо жана өнүктүрүү, ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу багытында иш алып барышат.