Бул жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке чарбасын өнүктүрүүгө жана үй-бүлө мүчөлөрүн сүт азыктары менен камсыз кылууга жардам берет.
Музоолорду алган үй-бүлөлөрдүн тизмеси долбоордун өнөктөшү болгон “Шоола Көл” коомдук фонду тарабынан түзүлгөн.
«Мен бул долбоор Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы фермерлердин жашоосун жакшыртууга жардам берет деп ишенем. Долбоордун негизги бенефициарлары — аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Мындай аракеттер ден соолукту жакшыртууга жана жакырчылыкты азайтууга чоң салым кошот», — деп белгиледи “Шоола Көл” фондунун координатору.
Жаңы комментарий кошуу