FSDS “Кыргызстандагы уязвимдүү топтор үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” долбоорунун алкагында Нарын облусунда мектеп окуучуларынын интеллектуалдык жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган сынак өткөрүлдү.

Катышуучулар үчүн тапшырма абдан жөнөкөй болду – роботтун моделин түзүп, программалоо жана алты номинация боюнча түзүлгөн долбоорлорун комиссияга коргоо:

🚩Жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана модельдер

🚩Куралдар, радиоаппаратуралар жана телекомуникациялык системалар

🚩Энергетика жана энергияны үнөмдөө технологиялары

🚩Маалыматтык технологиялар жана программалоо

🚩Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар

🚩Стендгазеталардын модельдери

Иш-чара Нарын облустук балдардын билим берүү борбору тарабынан “Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) фондунун колдоосу менен уюштурулду. Бул иш-чара FSDSтин Нарын облусундагы мектептерде кесиптик багыттоо иштерин жүргүзүү боюнча иштеринин бир бөлүгү болуп эсептелет.