Кечээ, 21-апрелде, Казан-Куйган, 8-Март, Кара-Кужур айылдарында ОФ "Fair and Sustainable Development Solutions" (FSDS) жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жаңы суу тармактарын ачты. Мурда айылдардагы суу системасы эскирип кеткендиктен, көпчүлүк тургундар үчүн көп жылдар бою суу менен байланышкан көйгөйлөр болгон. Жаңыланган система айылдардын бардык тургундарына гана эмес, ошондой эле үй чарбаларынын муктаждыктары үчүн да сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылат.
2017-жылдан тарта ОФ FSDS “Ден соолукка пайдалуу тамактануу үчүн жергиликтүү азык-түлүк системасын колдоо” долбоору боюнча 20 айылда колодецтерди калыбына келтирип, кудуктарды жана насостук станциялардын реконструкциясын жүргүзүп, төрт Тажикстандагы джамоатта суу менен камсыздоо системаларын курууну аяктаган.
Жаңы комментарий кошуу