Майып балдары бар үй-бүлөлөр үчүн каржылык камсыздоо маселеси ар дайым курч бойдон калууда.

Ушул көйгөйдү чечүүгө көмөктөшүү максатында “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү коом. 2-фаза” долбоорунун алкагында Fair & Sustainable Development Solutions коомдук фонду республика боюнча “Бизнес-пландоонун негиздери” темасында бир катар тренингдерди өткөрүп жатат.

Тренингдердин жыйынтыгында катышуучулар өз бизнес-идеяларын жазып чыгышат жана алардын ичинен эң ийгиликтүү болгон долбоорлор тандап алынып, аларга каржылык колдоо көрсөтүлөт.