Азыркы коомдо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын түшүнүү жана таануу дагы эле жетишсиз деңгээлде. Ушул себептен улам, «Инклюзивдүү маданият» маалыматтык кампаниясы бул көйгөйгө көңүл буруу менен гана чектелбестен, активдүү аракеттерди көрүүгө — таланттуу балдар менен чоңдордун потенциалын ачууга жана өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.

Биздин инклюзивдүү коом түзүү боюнча миссиябыздын алкагында, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар сериясын өткөрүп жатабыз. Бул иштер Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү фонду, ЕККУ жана InKoom менен кызматташтыктын негизинде ишке ашырылууда.

Ошондой иш-чаралардын бири — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында өткөрүлгөн ыр аткаруу жана көркөм окуу боюнча сынак. Бул конкурс 2024-жылдын 11-майында Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында (Т. Абдумомунов атындагы) болуп өттү.