“Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) коомдук фонду Кыргызстандын Жамааттарга негизделген Туризм Ассоциациясы (КАТОС) менен биргеликте «Хоспиталити Кыргызстан» Джалал-Абад облусундагы жергиликтүү ТОС ассоциацияларына туризм кызмат көрсөтүүчүлөрүнө берүү үчүн жабдууларды тапшырды. Бул аракет айылдык туризмди кирешелүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана экологиялык жактан таза кылуу максатын көздөйт.

Бул жардам «Джалал-Абад облусундагы айылдык туризмди күчөтүү аркылуу киреше булактарын түзүү» долбоорунун алкагында 7 бизнес долбооруна көрсөтүлдү. Долбоорду ОФ FSDS жана КАТОС Герман улуттук эл аралык кызматташтык коомдугу (GIZ) менен биргеликте ишке ашырууда.

Долбоордун жыйынтыгы менен квалификациялуу жана жабдууланган жергиликтүү ТОС ассоциациялары жана тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөр Джалал-Абадда көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты менен көлөмүн жогорулатып, улуттук туроператорлор менен биригүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ошентип жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө өз салымдарын кошо алышат.