Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте «Дени сак тамактануу үчүн азык-түлүк коопсуздугу» долбоорунун алкагында айылда 100 кубдук суу резервуары курулуп, суу эсептегичтер сатылып алынып орнотулду жана бетон шакектер коюлду.

Суу түтүктөрүн оңдоо жана жаңы өткөрүү иштеринен тышкары, айылда сууну тазалоочу система да орнотулат. Бул суудагы зыяндуу заттардын деңгээлин бир топ төмөндөтөт. Азыр реконструкция иштери ыкчам жүрүп жатат: курулуш материалдары жеткирилди жана түтүктөр алмаштырылды.

Долбоордун аркасы менен Чаувай айылындагы 300 үй-бүлө жазында таза ичүүчү сууга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.