Жалал-Абад облусунда “Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы” өнөктөшүбүз менен биргеликте үй-бүлөлөрдүн тамак-аш коопсуздугун камсыздоо программасынын алкагында эң мыкты бизнес идеясынын конкурсу өткөрүлдү.

Конкурска 12 өз ара жардамдашуу тобу катышты, башкача айтканда, аймак тургундары топтошуп, өздөрүнүн каржылык абалын жакшыртууга багытталган идеяларын иштеп чыгышты. Идеялардын бардыгы негизинен кургатылган жемиштерди иштетүүгө арналган. Натижада, бизнес идеяларды 7 топ сунушташты, алардын ичинен 3 идея жашоого жөндөмдүү деп табылды.

1️⃣ “Бизнес Леди” тобу, Ала-Бука району, Сафед-Булан айылы
2️⃣ “Ырыскы” тобу, Аксый району, Ак-Добо айылы
3️⃣ “Алма” тобу, Ноокен району, Уч-Там айылы

Жеңүүчүлөргө төмөнкү жабдыктар берилди: вакуумдук ороп салуу аппараты, электрондук тараза, термоаккумулятор-упаковочная машина жана пакетти жабуу аппараты.