✅ Баткен облусунда бизнес-пландоо боюнча тренингден өткөн 5 үй-бүлө FSDS коомдук фондунун “Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдүү коом түзүү” долбоорунун алкагында тигүү машиналарын, пельмен аппаратын жана кичи меш түрүндө техникалык жардам алышты.

✅ Мындай колдоо көрсөтүү идеясы, киреше алып келе турган иш менен алектенген учурда энелердин өзгөчө муктаждыгы бар балдарына кам көрүүгө убакыттары жетпей калуусунан улам келип чыккан. Бул терс таасирди азайтуу максатында ата-энелердин өздөрүнөн турган өз ара жардамдашуу топторун түзүү сунушталган. Бул топтор ата-энелердин ортосунда милдеттерди туура бөлүштүрүүгө жана бири-бирин колдоого жардам берип, өзгөчө муктаждыгы бар балдарга тийиштүү кам көрүүнү камсыз кылат.