Баткен облусунун көптөгөн айылдарынын тургундары оор абалда калышты — турак жайлар жабыркады, мал уурдалып, жеке буюмдар жана тиричилик техникасы жок кылынды.
Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду “Инсан-Лейлек” коомдук фонду менен биргеликте 11 үй-бүлөгө биринчи зарыл болгон жардам көрсөттү:

  • Керебеттер

  • Столдор

  • Жылыткычтар

Гуманитардык жардамды алган үй-бүлөлөрдүн арасында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, кары-картаң жалгыз адамдар жана үйлөрү толугу менен өрттөлгөн үй-бүлөлөр бар.