Бишкекте 13-14-апрелде #ОФFSDS “Инклюзивдүү коом – мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн. Фаза III” долбоорунун алкагында гендердик мамилелерди колдонуу менен FSDSтин мониторинг жана баалоо системасы боюнча ишчи семинар өткөрүүдө. Тренингдин катышуучулары – өнөктөш уюмдардын кызматкерлери: директорлор, долбоордук менеджерлер жана мониторинг жана баалоо боюнча адистер.

Семинар учурунда катышуучулар жаңы электрондук мониторинг жана баалоо системасы #ИШТЕ аркылуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негиздери менен таанышат. Мындан тышкары, тренерлер менен биргеликте мониторинг жүргүзүүнүн жалпы документтерин иштеп чыгуу пландалууда, аларга катышуучулардын тизмеси, стартаптар жана социалдык долбоорлордун маалымат базасы, мониторинг маалыматтарын эсептөө жана анализдөө формасы кирет.