Кечээ, 23-августта Бакыян айыл өкмөтү менен Талас шаарынан мамлекеттик, жеке жана бейөкмөт секторлордун өкүлдөрү үчүн «22 мыкты идея — 22 жыл» аттуу демилгелер жарманкеси өттү. Иш-чараны «Жарандык катышуу» коомдук фонду Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду менен өнөктөштүктө уюштурду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышты. Ар бир катышуучу өзүнүн бизнес-идеясы менен бөлүшүп, аны ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү деңгээлде жаштардын жана аялдардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу маселесине мамлекеттик жана ишкердик чөйрөнүн көңүлүн буруу болду. Катышуучулар өз бизнес-идеяларын сунуштап, мамлекеттик органдардын жана чакырылган ишкерлердин кеңештерин, сунуштарын жана колдоолорун алышты.

Жарманкенин жыйынтыгында, калыстар тобу эң креативдүү жана туруктуу бизнес-идеяларды тандап алышты. Жакынкы убакта бул бизнес-идеялар ишке ашырыла баштайт.