• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • August

    22

    2022
18-августта Ысык-Көлдүн жээгинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын VII жөө жүрүш маршы башталды.

18-августта Ысык-Көлдүн жээгинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын VII жөө жүрүш маршы башталды.

18-августта Ысык-Көлдүн жээгинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын VII жөө жүрүш маршы башталды. Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 20 коляскалуу аял жана эркек Чолпон-Ата – Каракол каттамы боюнча 135 чакырымды басып өтүштү.

Бул жөө жүрүштүн максаты – өлкөдөгү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо жана кеңейтүү аракеттеринин маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Программа ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн түшүнүү, туура мамиле кылуу жана аларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн жолугушууларды жана тренингдерди камтыды.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 200 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Жөө жүрүш «Равенство» майыптар союзу, КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы Регионалдык кеңсесинин, жана Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду.

@emgek.kg
@solidarity_center
@trudprava

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions