• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • December

    2

    2022
🚰 Баткен облусунун Чаувай айылында суу түтүктөрүн масштабдуу реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

🚰 Баткен облусунун Чаувай айылында суу түтүктөрүн масштабдуу реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте «Туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо» долбоорунун алкагында айылга көлөмү 100 метр куб суу сактагыч куруп, суу эсептегичтерин сатып алып, бетон шакектерин орнотту.

Суу түтүгүн оңдоп-түзөөдөн тышкары айылга суу тазалоочу система да орнотулат, бул суудагы зыяндуу элементтердин көлөмүн бир топ азайтат. Кайра куруу иштери тез темп менен жүрүп жатат. Буга чейин курулуш материалдары жеткирилип, түтүктөр алмаштырылып орнотулган.

Долбоордун аракеттери менен Чаувай айылындагы 300 үй-бүлө жазга чейин таза суу менен камсыз болот.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions