• Русский
  • Кыргыз
  • English
  • December

    15

    2022
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери бизнести пландоо боюнча окуудан өтүштү

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери бизнести пландоо боюнча окуудан өтүштү

Нарын облусунда 18 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери FSDS коомдук фондунун «Майып балдардын инклюзивдик коому» долбоорунун алкагында эки күндүн ичинде бизнес-пландоо ыкмаларын үйрөнүштү.

Тренер менен бирге катышуучулар өз долбоорлору үчүн идеяларды жана чечимдерди иштеп чыгышты, мини-командаларга бөлүнүшүп, практикалык көнүгүүлөрдү колдонуу менен алган көндүмдөрүн практикалашты.

Тренинг интерактивдүү форматта өттү: конкреттүү учурлар колдонулуп, пикир алмашуу процедурасы жүргүзүлдү. Бардык катышуучулар мындай тренингдер бүгүнкү күндө канчалык маанилүү экенин белгилешти, анткени катышуучулардын баары майып балдардын ата-энелерине берилүүчү аймактык гранттарга жана башка колдоо түрлөрүнө катышууну улантууну пландап жатышат.

© Copyright 2020 Fair and Sustainable Development Solutions